Бишкектин жаңы шайланган мэри Кубанычбек Кулматов шаардагы сатылып кеткен жашыл бактар, гүлбакчалар жана токойлордун маселесин чечиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралдагы маалымат жыйынында юрист Эрик Ирискулбеков билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин аймагында жайгашкан бактардын аянттары кичирейип, алардын ордуна футбол талаалары, жеке кафелер, мейманканалар салынууда.
“Маселен, “Аламүдүн” жана Кычан Жакыпов атындагы сейил бактар жок болуп калды. Бишкектин башкы планы боюнча, 1 адамга жашыл аймактын 21 чарчы метри берилген. Бирок буга бийликтегилер көңүл бурбай жатышат”,- деди юрист.