Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган депутаттар тобу Бишкекте адам укуктарын коргоо маселесине арналган семинарга катышып жатат.
Тынчтык жана адам укуктары борбору менен Норвеж-Хельсинки комитети тарабынан уюштурулган эки күндүк бул семинар адам укуктарын коргоо жаатында тажрыйба алмашууга арналды. Асия Сасыкбаева өз сөзүндө адам укуктарын коргоо жаатындагы дүйнөлүк тажрыйба менен жакындан таанышууга, талкуу жыйынтыгын Кыргызстандын шартында кароо менен кызматташтык келечегин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган бул семинардын артыкчылыгын белгиледи. “Кыргызстан ЕКПАнын “Демократия боюнча өнөктөш” статусун алуу өтүнүчү менен кайралган. Мындай статуска ээ болуу менен Кыргызстандын демократиялык түзүлүшүнүн дагы бир кышы коюлмакчы”,- дейт А.Сасыкбаева.
Семинар 11-февралда аяктайт. Эки күн аралыгында норвеж эксперттери Норвегиядагы адам укуктары боюнча программалардын ишке ашырылышы жана конфессиялар аралык кызматташтыктын норвеж модели тууралуу маалымат берет.