Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева бүгүн, 11-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун аймактык директору Жужана Жакаб менен жолугушту.
Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, “Ден соолук” улуттук программасынын алкагында SWAP менен өнөктөштүк мамилени арттыруу тууралуу сөз болду. Тараптар калк арасында тамеки тартуунун зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин, жүрөк-кан тамыр, онкология, өпкө толтосу, кант диабети сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чараларын жандандыруу зарылдыгын айтты. Тамеки өнүмдөрүнө карата салыкты көбөйтүүгө саясий колдоо көрсөтүү маселелери да айтылды.
Бул жолугушуу саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартууга жардам берери белгиленди.