Социалдык өнүгүү министрлиги Түштүк Корея менен кызматташтык боюнча меморандумга кол коюуга ниеттенүүдө

КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги Түштүк Корея менен кызматташтык боюнча меморандумга кол коюуга ниеттенүүдө. Мындай билдирүү социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен Түштүк Кореянын элчиси Ким Чанг Гюнун жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Жолугушууда министр кореялык уюм менен гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча байланышы бар экенин айтты. 
Биз социалдык өнүгүү тармагындагы кызматташтыкты системдик деңгээлге жеткирүүнү каалайт элек. Бир жолу берилүүчү жардамдан стратегиялык катышууга өтүп, тажрыйба алмашсак”,- деди Базарбаев. 
Ким Чанг Гю Кыргызстанда психологиялык инфраструктуранын артыкчылыгын белгилеп: “Өлкөңүздөрдө адамдар бири-бирине жардам беришет, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көңүл бурулат. Сиздердин боорукерлик менен кошо өзүңөрдүн салтыңарды сактап келе жатканыңар маанилүү”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан