Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Талас шаарынын 70 жылдык мааракесине карата “Талас - теректин мекени” деген аталышта элдик бак тигүү акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта уюштуруу тобунун мүчөсү Санжар Давлеталиев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, “Талас жергесине 1 000 000 терек” аттуу экологиялык демилге астында өтүп жаткан акцияга 6 жаштан 60 жашка чейинки атуулдар катышат. “Акциянын максаты - жаратылышты коргоо жана бак тигүү менен кийинки муунга үлгү көрсөтүү”,- дейт уюштуруу тобунун мүчөсү.