Бүгүн, 25-мартта Бишкекте жарандык активисттер “Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураандын астында жөө жүрүшкө чыгышты. Адам укуктарын коргоо негизги максаты болгон жүрүшкө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чара саат 13:30да Жибек Жолу-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде башталып, катышуучулар жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чейин келишти. Иш-чарада “Биз теңчилик жана адилеттүүлүк үчүн!”, “Кыргызстандагы зордук-зомбулук жана ксенофобияга каршы туруу үчүн пикирлештиктин жана биригүүнүн мезгили!” "Адам укуктары бар болсун, зордук-зомбулук жок болсун!”, “Ксенофобия, улутчулдук фашизмге жол ачат!” “Транссексуалдарды жектөөнү токтотобуз!" жана башка ушул сыяктуу ураандар айтылды.