Эртең, 26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында “Аймактагы коомдук-саясий, диний-экстремисттик кырдаал жана улуттар аралык мамиле” деген аталышта жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, жыйынга күч түзүмдөрү, Ош шаарынын жана Ош облусунун активдери, дин өкүлдөрү катышат.