Кечээ, 24-мартта Бишкекте “Кургак учук менен күрөшүү” долбоорунун алкагында флешмоб өтүп жаткан учурда уюштуруучу Елена Баялинованын фотоаппаратын уурдаган жигит изделүүдө. Бул тууралуу айым интернет аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, ал уурдоо фактысы боюнча Октябрь РИИБине арыз жазган. Мындан тышкары ал кылмышка шектүүнү табууга социалдык тармактар аркылуу жардам сурап жатат.
"Флешмоб учурунда мен бийге кызыгып кетип, бейтааныш жигиттен "сүрөткө тартып турчу" деп суранып, фотоаппаратымды колуна тапшырган элем. Анан карасам, ал көрүнбөдү, ошол бойдон изин таптырбай кетти",- деди Елена Баялинова.