Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов айылдык аймактардын бюджеттери менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта райондук администрациянын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, аким айылдык өкмөттөрдүн административдик чыгымдарын азайтуу жана айылдык аймактын тегерегинде "Тазалык" уюмун уюштурууну сунуштады.
Ошондой эле район башчысы финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчилигинин ушул жылдагы аткарып жаткан ишинин отчёту канааттандырарлык эмес экенин айтып, ар бир айылдын киреше жагын эсептеп чыгуу тапшырмасын берди.