Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт

27-март күнү профилактикалык-оңдоо иштерине байланыштуу “Батыш” суу тосмосунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Муздак суу эртең менен саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда, Садыгалиев, Профсоюзная, Фучик, П.Лумумба көчөлөрүндө, темир жол линиясы жана Кызыл-Аскер, 110-квартал, Достук кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасында өчүрүлөт. 

Ошондой эле «Полибетон» АК, П.Лумумба көчөсүндө жайгашкан УКМК (Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы), «Шоро», «Жашылча», «ГЭС Вайринг Констракшн» ишканалары, (Улуттук гвардиянын бөлүкчөсү, Ленин райондук Аскер комиссариаты) “Кыргыз коньягы”, “Кыргыз мебель”, ИИМ, КР атайы мектеби, Сельсовет көчөсүндөгү №1-үй-бүлөлүк медициналык борбору, Кайназарова көчөсүндөгү Республикалык наркология борбору, "Илбирстин" №4-филиалы, №15, 49, 50, 54-орто мектептери, “БАРЗ” АКК, №2901-автоколонна, Фучик көчөсүндөгү Жогорку медицина мектеби, №1-мектеп-интернаты, “Алтын тамыр” ЖАК, “Комбинат” ААК, “Тамга-Таш ЛТД” ААК, “Транс Союз Азия” ААКсында муздак суу берүү убактылуу токтотулат .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан