Ош облусунун Кара-Суу районунда кургак учукка чалдыгып, катталгандардын саны быйылкы жылдын эсебинен 66 жаранды түздү. Алардын ичинен 55и толугу менен айыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Турусбек Матиев билдирди.
Өткөн жылы 380 жаран кургак учук менен катталса, анын 284ү толугу менен айыккан, ал эми 85и амбулатордук шартта дарыланып келишет.