Кыргызстандан бир дагы университет КМШ өлкөлөрүнүн мыкты 20 рейтингине кирген жок

КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мыкты 20 университеттин рейтингинде Кыргызстандын бир дагы жогорку окуу жайы орун алган жок. Бул тууралуу “Эксперт РА” рейтинг жүргүзүүчү агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Олег Дерипаска жетектеген “Вольное дело” фондунун колдоосу менен биринчи жолу КМШ өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын рейтинги түзүлгөн. Тизмеге Орусия, Украина, Казакстан, Беларусь, Молдова, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандан жалпы 153 жогорку окуу жайы кирген. Рейтинг статистикалык билдирме жана 5,5 миңге жакын окутуучу, чоң ишканалардын жетекчилери, студент, аталган тармакка тиешелүү адистер, бүтүрүүчүлөрдүн пикиринен улам түзүлгөн.

Аталган рейтингге катышкан жогорку окуу жайлары "А" тамгасынан "Еге" чейинки 5 класска бөлүнгөн. "А" классына бүтүрүүчүлөрдү даярдоо деңгээли жогорку окуу жайлары кирсе, "В" классында эң мыкты, деңгээли жогорку окуу жайлары болгон. "С", "Д" жана "Е" класстарына мыкты окутуу системи жана бүтүрүүчүлөрдү татыктуу деңгээлде даярдаган окуу жайлары камтылган.        

Жүргүзүлгөн рейтингдин натыйжасында "А" классына М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети кирди. "В" классында Орусиянын 18, Украинанын 3, Беларустун 1 жогорку окуу жайы бар. 

Кыргызстандагы университеттердин ичинен Кыргыз-Орус Славян университети 61-орунга татыды.  

“ЖОЖдордун рейтинги”, “Эксперт РА” рейтинг жүргүзүүчү агенттиктеринин аткаруучу директору Алексей Ходыревдун айтымында, рейтингге кирген ЖОЖдун 70 пайызы классикалык же техникалык. Бул элита жогорку мектептердин негизин түзөт. 

Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө башкаруу, экономикалык, гуманитардык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө караганда алдынкы техникалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү көп талап кылынат. Иш берүүчүлөр талап кылган бүтүрүүчүлөрдүн 31 окуу жайына мыкты деген баа берилген. Алардын ичинен 17си техникалык, 9у көп профилдүү университеттер жана 5и гана экономикалык багытта иш алып барат.

Изилдөөлөрдүн негизинде КМШ өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайларын “бизнес жааты” форматына которуу жөнүндө бир да пикир айтылган эмес.

Ошондой эле, аналитиктердин байкоосу боюнча, КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖдорго британиялык, америкалык же австралиялык окуу жайлардагыдай сырттан келип окуучу студенттердин саны азырынча ийгилик жарата элек.      

Тизмедеги 21 жогорку окуу жайында билим алган чет өлкөлүк студенттердин саны 10 пайызды гана түзөт. Чет өлкөлүк студенттердин тандоосу өзгөчө медициналык окуу жайларында экендиги да айтылат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2014-03-28 02:57:29
Ииий!!! Денгеелибиз ушунча начарбы? (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан