2013-жылы Кыргызстандын аймагында 2503 бала ата-энеси бакпай, кароосуз калган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын 757си багылып алынган. 1202 бала атайын камкордуктарга тапшырылса, кабыл алуу үй-бүлөлөрүнө берилген балдардын саны - 56. Балдар мекемелерине 488 бала берилген.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын калкынын 36,5 пайызын 18 жашка чейинки жаштар түзөт. Анын 70 пайызы айыл жергелеринде жашашат.