Жалал-Абадда жол жээгине таштанды таштаган жарандарга акт түзүлүүдө

Жалал-Абад шаарынын тазалыгын сактоо максатында жол жээгине шаар тургундары тарабынан ташталып жаткан таштандылар боюнча Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобаза кечкисин рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-мартта кечки саат 19:00дөн 23:00гө чейин рейд уюштурулуп, таштанды таштап жаткан 2 жаранга карата акт түзүлдү. Бирок өткөн айларга караганда жолдор бир кыйла тазаланып калган.

Биздин максатыбыз шаарды таза кармоо жана элди таштандыны атайын жайга таштоого көндүрүү болуп эсептелинет. Кошумчалай кетсек, өткөн айларга караганда таштандыны туш келди жерге ыргыткан тургундардын саны азайып, жолдор бир кыйла тазаланып калды”,- дейт Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчисинин орун басары Элдияр Төрөкулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан