Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин эл менен жолугушуусу №8-орто мектепте өттү.
Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга 50дөн ашуун тургун катышты. Медицина кызматкерлеринин мындай түшүндүрүү иштерин жер-жерлерге жүргүзүп жаткандыктарына жолугушуунун катышуучулары ыраазычылык билдиришти.
“Биз бүгүнкү жолугушуудан көп нерсени үйрөнө алдык. Кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Анткени биз барганда жакшы тосуп алып, туура кеңештерин беришет”,- дейт тургундардын бири Шарипахан Касимова.