Жалал-Абад облусундагы жер көчкү жүрүшү ыктымал аймакта 26 үй-бүлө жашап келет. Учурда алар кооптуу жайдан көчүп кетүүдөн баш тартып жатканы тууралуу 27-мартта Жалал-Абад облусу боюнча калкты жана аймакты коргоо көзөмөлүнүн офицери Алтынбек Токтонаев билдирди.
Маалыматка ылайык, кооптуу жердин тургундары 31-мартка чейин көчүшү керек. Бул боюнча өкмөттүн токтому да бар. Бүгүнкү күндө аталган жерде 26 үй-бүлө жашайт, алардын бешөө көчүп кетүүгө макулдугун берген.
Кооптуу жерден көчүрүү иштери жазгы жаан-чачын маалындагы аймактагы айрым айылдарда жер көчкү коркунучунан улам жасалууда.
Эске салсак, мындай кырдаал Аксы районунда да түзүлгөн. Бирок жергиликтүү 39 үй-бүлө отурукташып калган жайынан көчүүдөн баш тартып, бүгүнкү күнгө чейин көчө элек. Эгерде табият кырсыгы күтүлгөн жерден өз каалоолору менен кетишпесе, күч түзүмдөрүнүн көмөгү менен көчүрүлөрү эскертилген.