Ильяз Ражапов: "Ош шаарын жашылдандыруу боюнча жарыяланган 2 айлыктын алкагында алгылыктуу иш аткарылган жок"
Бүгүн, 28-мартта Ош шаарынын мэриясында өткөн жыйында шаарды жашылдандыруу боюнча жасалган иштер талкууланууда. Буга мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилери катышып жатат. Вице-мэр Ильяз Ражапов эки айлыктын алкагында алгылыктуу иш алып барылбай жатканын айтып, жетекчилерге эскертүү берди.