Ош. Жылуулук электр борбору түтүкчөлөрдүн механикалык бекемдигин текшерүүгө байланыштуу тургундарга кайрылуу жасады

Ош шаардык жылуулук электр борбору кыш мезгилинде жылуулук энергиясын пайдаланган бардык керектөөчүлөргө 31-марттан 6-апрелге чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында гидравликалык сыноо жүргүзүлөрүн айтып, бул боюнча эскертүү жасады. 

Маалыматка ылайык, түтүкчөлөр менен бекиткичтердин механикалык бекемдиги текшерилип, бузулган жайлар аныкталат. Сыноо учурунда түтүкчөлөргө жогорку басым менен суу жиберилгендиктен, жылуулук энергиясын пайдаланган бардык керектөөчүлөр 30-мартта саат 00:00гө чейин жылытуу системиндеги бекиткичтерди жабуулары керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан