Кечээ, 27-март күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Насирдин Исанов атындагы айыл аймагындагы Жар-Коргон айылында жаңы мечитти куруу иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, райондун акими Бекболот Айтиев, Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Асанов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Маалыматка ылайык, курулуш ишинин башталышына алгачкы ташты вице-спикер Төрөбай Зулпукаров салып: «Бул мечиттин салынуусун айыл калкы көптөн бери үмүт кылып келген. Эми ал үмүт Араб Эмираттарынан демөөрчү болуп жаткан Саид Баюми тарабынан ишке ашырылып жатат»,- деди.