Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавына 4 тонна минералдык жер семирткич жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн буйругу менен 27-март күнү Барак эксклавындагы жергиликтүү калктын 108 тонна жүгөрүсү жана 26 тонна буудайы алынып келинди. Буга ӨКМнын 8 оор жүк ташуучу унаасы тартылган.