Бишкекте орто мектептердин окуучуларынын республикалык олимпиадасынын төртүнчү этабы башталды.
Аталган олимпиаданын үчүнчү этабы Бишкек жана Ош шаарларында, республиканын 7 дубанында болгон. Ага
2695 окуучу катышып, 295 жеңүүчү аныкталган.
Республикалык олимпиада 2 күн жүргүзүлөт. Салтанаттуу жабылышы 31-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында өтөт. Бул боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.