Эртең Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 29-мартта көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Эртең 9:00дөн баштап 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылынын түндүк бөлүгүндө электр жарык өчөт.

31-март күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Садовое, Мыкан, Ленин айылындагы Чыгыш, Коммунар көчөлөрүндө, Чыгыш айылындагы Щорс, Энгельс, Карл Маркс, Ленин, Мир, Молодёжная, Совет көчөлөрүндө, Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев, Кыргызстан көчөлөрүндө жана Ысык-Ата районундагы Киров айылынын Түштүк, Зелёная көчөлөрүндө, жогорку вольттогу ГЭС-3, ГЭС-4 тараган 35/10 кВт аба чубалгыларында, «Карагачевая», «МИС», «Степное» көмөк чордондорундагы оңдоо иштерге байланыштуу электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан