Унаасындагы жардыруудан кийин өзүнө келе албай каза тапкан кикбоксчу
Руслан Абасовдун сөөгү Султан Ибраимов атындагы айылда бүгүн, 29-мартта жерге берилди.
Ага чейин
Токмоктогу Насирдин Байтемиров атындагы Маданият үйүнүн алдында мушкерди
эскерүү болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү администрациянын
өкүлдөрү жана спортчуну жакындан тааныган дос-туугандары катышты.