Бүгүн социалдык тармактардагы өздүк баракчасы аркылуу Садыр Жапаров 31-мартка белгиленген курултайдын белгисиз мөөнөткө жылдырылганы тууралуу билдирүү таратты.
Билдирүүнүн тексти:
“Урматтуу калайык калк! Урматтуу достор! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 31-мартта боло турган курултайга тыюу салуу боюнча мыйзамдарга таянып билдирүү таратты. Бирок бул тыюу салуусу Баш мыйзамдын 34-беренесине каршы келет. Демек, бул жерде Баш мыйзам иштеп, алардын тыюу салууга укуктары жок эле. Мен чындыгында арыз берген эмес элем. Себеби Баш мыйзамга таянгам. Бул бийлик башынан эле мыйзамдарды эле эмес, Баш мыйзамды да тебелеп келе жатканы жалпыбызга маалым. Ошентсе дагы бийлик сыйлабаса койсун, биз мыйзам сыйлаган саясатчы катары дагы бир жолу мыйзамдарды сактап, эртеңки боло турган курултайды бизден күнөө кетпесин үчүн дагы бир жолу белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болдук. Көпчүлүк элдин "мыйзамдарды бузбайлы" деген өтүнүчүн дагы эске алдык. Өткөрүү мөөнөтүн 10-апрелге чейин кабарлайбыз.
Сиздерге ыңгайсыз абал жараткандыгым үчүн дагы бир жолу башымды ийип, таазим кылып жалпыңыздардан кечирим сурайм".