Саруулуктар бүгүн, 30-мартта Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында нааразылык акциясына чыгышты. Алардын негизги талабы катары “Кумтөрдү” улутташтыруу керек экени айтылды. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары маалымдашты.
Митингге 500гө чукул жергиликтүү тургундар катышып, анда саруулуктардын 31-мартта Бишкекте өтө турган оппозиция курултайына катышуу маселеси да каралды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары
"Кумтөр" кенин улутташтыруу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Өткөн жылы алтын кендин жетекчилигинен акча талап кылып, камакка алынган
Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин тарапташтары 2013-жылы октябрь айында өткөргөн нааразылык акциясы баш аламандыкка айланып кеткен. "Ага катыштыгы бар" деген
саруулуктар да камакка алынган. Мындан улам аталган айылдын тургундары бийликке камакка алынган балдарды бошотуу талабын да коё башташкан. Митинг жол тосуулар менен коштолуп келген.