Памирде жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселеси каралууда

Учурда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Ооганстанда жайгашкан Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздарды алып келүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ЖКнын комитетинин отурумунда аталган министрликтин эл аралык иштер боюнча башчысынын орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди. 

Айтымында, аларды Кыргызстандын кайсы облусуна алып келүү жана ага канча каражат сарпталары тууралуу суроолор каралып жатат. "Бүгүнкү күндө Памирде жашаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин планына киргизилген",- дейт Д.Бекмурзаев. 

Белгилей кетсек, бүгүн ЖКнын кызматтык комитеттеринин отурумунда өкмөт алып чыккан этникалык кыргыздарга жарандык берүү процессин жеңилдетүү мыйзамы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
misha00
2014-03-31 12:15:22
Баткендеги тажикстан менен чектешкен жерлерге кочуруп келиш керек.
+2
Aviator
2014-03-31 13:39:01
misha00, эн туура айтасын
0
asko93
2014-03-31 12:22:27
Ооба менда кошулам Зардалы деген жер бар эмеспи ошол жака кочуруп алып келип ошол жерди айыл кылыш керек ошондо ошол жергеда конул болунуп свет жол ж.б пр чечилет ананда Памирлик кыргыздарды шаарга апкелсен кыйналып калышат акырындап азыркы жашоого конушот
+1
Manasasman
2014-03-31 13:27:32
asko93, жакшы ой, озунчо бир айыл кылыш керек
0
maksnarin
2014-03-31 12:23:17
ансыз да кор болгон бир боорлорубузду дагы да кыйнабай шарты бирдей Нарындын Ак Сай,Арпасына алып келиш керек го.
0
ali.95
2014-03-31 13:23:39
2011-жылы 700 адам калса азыр канча калды экен
0
Toktomamat
2014-03-31 14:07:00
Озбекстандын ичинде кор болуп калып кеткен Барак айылында жашаган Кыргыз жарандарын эмне учун кочуруп чыгышты карашпайт биздин атка минер пидараздар? Памирди койуп озубуздун жарандарды ойлосо боло !
+1
artur_kgboy
2014-03-31 15:43:34
kolunardan kelse meily ele kuruk sozgo usta bolup kalishkan jepjutarlar
0
only_progress
2014-03-31 19:00:44
Бору баласы ит болбойт.Аларды Кыргызстанга алып келбей эле ошол жакта жакшы жашаганг жардам берип турушса жетишээрлик.Эртен алар да кичине адам болуп аралашып калганда отконун унутушуп душман болуп чыгышат.Наркобизнеске жол ачылат.Алар менен жергиликтуу кыргыздардын кайнаса каны кошулбайт.Алардын улуту кыргыз болгону менен,журогу афганистан дейт баары бир.Ошто тополон болгондо оштук озбектер озбекстанга карай качканда Каримов чек арадан нары киргизбей койду го,элин бузушун билип ошондой кылды.
-1
strannyi
2015-01-08 03:33:47
only_progress,
ошол жакта гана шарттарын ондоп беруу деген оюна кошулам. Эн негизгиси медицина менен эл агартуу жетсе, мыкты чыккан балдары, аларды оздору эле багып кетээр беле...
-1
nurali20
2014-03-31 19:10:59
Оо жакшы демилге,кочуруп келуу керек,озубуз деле бир ууч элбиз.Кытайлар келгиле КЫРГЫЗДАР келсин МЕКЕНИНЕ!!!
0
nurali20
2014-03-31 19:12:05
кечиргиле кытайлар "келгиче"
0
KgAs91
2014-03-31 23:28:57
Кытайларды силер чакырбасанар деле басып келатышат!!!а памирлик кыргыздарды койуп озубуздун кыргызстандагы кыргыздарды россияда эмгек кылып жургон дорду ойлонсонор боло!!!
-1
kuba.kq8705
2014-04-01 11:32:52
pamirdegi kyrgyzdar kara kuurai 4egishet kelip alyp bizdi da uirotboso eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан