Эс алуудагы милициянын подполковниги ИИМ академиясынын китепканасына өмүр бою чогулткан 300дөн ашык китебин берди 

КРнын Ички иштер министрлигинин ардагери, эс алуудагы милициянын подполковниги Миркамил Мерхаликов менен анын жубайы Антонина Колесникова 28-март күнү ИИМдин китепканасына 300дөн ашык китеп өткөрүп беришти. Бул тууралуу бүгүн ИИМ академиясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бул китептерди подполковниктин үй-бүлөсү өмүр бою чогулткан. Өткөрүлүп берилген китептердин арасында ар кайсы тилдеги көркөм чыгармалар, адабий чыгармалар бар. Ошондой эле академиянын студент жана курсанттарынын билимине билим кошо ала турчу ИИМ тармагына тиешелүү китептери да бар.

Академиянын жетекчилиги мындан ары да ИИМ структурасында мыкты кызмат өтөп жана өзгөчөлөнгөн ардагерлерди жаш студент жана курсанттарга өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырат. Ардагерлердин тажрыйбасы жаш студенттердин тарбия-таалимине зор салым кошо алат деген ишеним бар экени кабарланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurali20
2014-03-31 19:04:13
Эми ошол китептер чан басып жатпай окулса болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан