Бүгүн, 31-мартта Баткен облусунун өкүлчүлүгүндө кыргыз-тажик чек арасын күчөтүү боюнча жыйналыш болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Анда бир катар чек ара маселеси каралып, Баткен облусундагы чектешкен аймактарда КР Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Коргоо министрлигинин бөлүктөрү менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте атайын иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Ошону менен бирге быйыл Лейлек районуна 2 чек ара тозоту жана Баткен районуна 2 чек ара тозоту бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери маалым болду.