Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы 5 көзөмөл-өткөрүүчү жайлардын экөөсү толугу менен, экөөсү жөө жүрүүчүлөр үчүн ачылып, ал эми бирөөсү жабык бойдон калды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Баткен облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, көзөмөл-өткөрүүчү жайларды ачуу боюнча чечим Тажикстандын расмий кайрылуусунан улам кабыл алынды. Белгилей кетсек, үчүнчү мамлекеттердин жарандарына чек арадан чектөөсүз өтүүгө уруксат берилген.
“Бор-Дөбө унаа жол” жана "Кара-Мык унаа жол” көзөмөл-өткөрүүчү жайлар толугу менен, “Кайрагач унаа жол” жана “Кулунду унаа жол” чектөөсү менен ачык. Ал жактан жөө жүрүүчүлөр гана өтө алышат. Ал эми “Кызыл-Бел унаа жол” көзөмөл-өткөрүүчү жайы жабык бойдон”,- деди Дүйшөнбиев.