Коомдук ишмер
Нурлан Мотуевдин "КРнын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Садыр Жапаровго кол салуу болгондуктан, Бишкекте пландалган курултай жылдырылды" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта
SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы
Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, учурда Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда эмес жана ал кайсы жерде турганы белгисиз. 1-2 күн мурун ал Саруу айылына келип кеткендиги белгилүү болду.
"Нурлан Мотуевдин "Жапаровго кол салынды" деп айтканынын максаты - жөн эле өзүнө көңүл бурдуруу",- деди Усубакунов.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-мартта Нурлан Мотуев жергиликтүү ММКлардын бирине "3-4 күн мурун белгисиз адамдар Садыр Жапаровго кол салууга аракет кылайын дегенде, жан сакчылар аны унаага отургузуп, сактап калышкан. Ушунун себебинен Жапаров Бишкекте 31-мартка пландалган курултайды белгисиз мөөнөткө жылдырды" деп кабарлаган.