Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы митингге катышкан студенттер Бишкектин ШИИББине алынып келинди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги театралдык окуу жайдын үч студенти нааразылык акциясына катышкандыгынын себебин түшүндүрүп берди. Алардын айтымында, 29-мартта аларга курсташтары чалып, 1000 сом төлөнүүчү жумушту сунушташкан. Жумушту аткарыш үчүн алар Кызыл-Суу айылына барып, митингге катышышы керек болчу. Алар Бишкектеги Чүй-Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде керектүү адамдар менен жолугушуп, Хонда үлгүсүндөгү унаа менен Кызыл-Сууга барышкан. Митинг учурунда студенттер өздөрүн активдүү көрсөтүшпөгөнү белгилүү болду.
Милиция кызматкерлери театралдык окуу жайдын студенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Учурда митингдин бардык катышуучуларынын өздүгү аныкталып жатат.
Эске сала кетсек, кечээ, 30-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында митинг болгон. Ага жалпысынан 160тай адам катышкан.