Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча чечими Конституцияга каршы келет. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта “Кылым шамы” укук коргоочу борбору жарыялады.
Маалыматка ылайык, жогорудагы чечими менен бийлик “Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө” КРнын Баш мыйзамынын 14-15-беренелерин бузду. Ошондуктан “Кылым шамы” прокуратураны, акыйкатчыны жана адам укугун коргоо боюнча ЖКнын комитетин “райондук администрациянын кызматтык укугун жогорулатып жиберүү” фактысы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүгө чакырат.
“Эгер сот тынч чогулушту өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча чечимди мыйзамдуу деп кабыл алса, анда бул көрүнүш соттун өз ишин билбестигин билдирет”,- дешти укук коргоочулар.
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимине ылайык, 31-марттан 1-майга чейин "Ала-Тоо" аянтында, ЖКнын имаратынын алдында, Өкмөт үйүнүн жанында митинг өткөрүүгө чектөө киргизилген.