Бишкекте 15 100 "акылдуу" эсептегич орнотулду. Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешик, Көк-Жар, Ала-Тоо, Ак-Өргөө жаңы конуштарында электр энергиясын автоматташтырылган системдеги, дистанцондук түрдө баланска келтирип жана өчүрүп туруучу эсептегичтер орнотулат.
Ошондой эле Ленский, Уральский, Коммунаров, Рижский, Тифлисс, Кара-Балта көчөлөрүндө, №51-электр трансформатордук станциясын капиталдык оңдоо жүрөт. Аламүдүн, Полтавка, Ровное, Бухара, Тельман, Кум-Арык, Киров айылдарында жана Шопоков шаарында көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКнын басма сөз кызматы маалымдайт.