Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Ош облусунун калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү максатында эки айлык ишембилик өткөрүү жөнүндө буйрук кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун бардык аймактарында 31-мартта ишембиликтер болуп, жалпы облус боюнча 22 316 адам катышты. Катышуучулар тарабынан бактар тигилип, мекеме-уюмдардын айланалары тазаланып, ички жолдор жана тротуарлар оңдолду. Андан тышкары каналдар жана арыктар казылды.
Айта кетсек, Ош облусунда март, апрель, май айларында ар жуманын соңунда ишембиликтер өткөрүү пландалган.