“Митинг өткөрүүгө тыюу салуу Баш мыйзамга караманча каршы келет” дейт акыйкатчы Бактыбек Аманбаев

Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечими Кыргызстандын Баш мыйзамына караманча каршы келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде радиоберүүдө КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, КРнын Конституциясынын 34-беренесинде “Ар бир адам каалаган убакта, каалаган жеринде тынч жыйын, чогулуш өткөрүүгө укугу бар. Эч ким эч убакта эч кандай шылтоо менен аталган иш-чараларды уюштурууга тыюу салууга акысы жок” деп жазылып турат.

Ошондой эле Баш мыйзамдын 20-беренесинде “Кыргызстанда адамдардын эркиндиктерин жана укуктарын чектеген ар кандай мыйзам актыларынын кабыл алынышына тыюу салынат” деп жазылган. “Биринчи Май райондук сотунун чечими Конституцияга каршы келет. Ошондуктан мен акыйкатчы катары аталган соттун токтомун өлкөнүн Конституциялык палатасына жолдойм”,- деди Бактыбек Аманбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kaytmas
2014-04-01 10:54:55
молодец,бийлик Ак уйду гана коргойт,чек араны коргосун тажик озбектерден.
+2
nurmat.kg
2014-04-01 11:13:52
kaytmas, Биздин бийлик чек арага жакын келе алышпайт озбектер менен тажиктер тартып кирип кетчуудой коркушат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан