Орусиянын Амур облусунун Благовещенск шаарында рейддин жүрүшүндө курулушта мыйзамсыз иштеген 5 Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга таянсак, мигранттардын Орусиянын аймагында иштөөгө уруксат берген документтери жок экени анык болду. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышты. Ал эми документи жок экенине карабай аларды жумушка орноштурган жаранга 50 миң рубль айып салынды.