Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу кызматкерлер үчүн Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, берилген борбор эки бөлүктөн туруп, биринде машыгуучу зал болсо, экинчисинде стол тенниси жайгашкан. Борборго бүгүнкү күндө веломашыктыруучу, чуркоочу жол, кыз-келиндер, эркектер үчүн 30 түрдүү көнүгүүлөрдү жасоого ыңгайлашкан универсалдуу машыгуу каражаттары, спорттук инвентарлар, стол теннистери коюлган.