Кыргызстанда үч уюлдук байланыш оператору sim-карталарын келишимсиз сатууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 26-марттан 31-мартка чейин Бишкек шаарында жана түштүк аймагында рейд жүргүзүлгөн. Байланыш агенттигинин кызматкерлери менен милиция кызматкерлери sim-карта сатып алууда келишим толтурулуп, тиешелүү эрежелердин сакталышын текшеришкен. Рейддин натыйжасында “Альфа Телеком” ЖАКы, “Sky Mobile” ЖЧКсы, “Нур Телеком” ЖЧКсы жана Ош облусунун кардарларды тейлөө борборунда sim-карталарды эч кандай келишимсиз сатып жатканы аныкталган. Байланыш операторлоруна келишимсиз иштөөнү токтотуу боюнча эскертүү берилди. Эске салсак, 8-марттан тарта sim-картаны уюлдук оператор менен келишим түзүп жана паспорт аркылуу алууга гана мүмкүн экени жарыяланган. |
|