Жалал-Абаддын Чехов, Бакиев көчөлөрүндө сатылып жаткан азык-түлүктөрдү, мөмө-жемиштерди базардын ичине алып кирүү жана шаар аймагын иретке келтирүү максатында атайын комиссиялык топ түзүлүп, рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Мындай рейддер январь айынан бери болуп келет. Сатуучуларга каалаган базарларына кирип орун алууга болору айтылган. Сатуучулар азык-түлүктөрүн сатып түгөтүү үчүн 1 жума убакыт берүүбүздү суранышкан”,- дейт Керек-жарак базары жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору Абдималик Тагаев.
Айта кетсек, аталган рейд Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругунун негизинде аткарылып жатат.