8-9-апрелде түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги айрым жерлерде абанын температурасы 1…3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындан улам жаңы бүчүр алган жана гүлдөгөн мөмөлүү бактарды үшүк алат. Ири өлчөмдөгү зыянга, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүгө тийиш. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Чүй облусунун аймагында 2014-жылдын 7-апрели күнү ылдамдыгы секундасына 25 метрден 35 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.
Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиялары шамалдын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2014-жылдын 7-апрелинде ылдамдыгы секундасына 25 метрден 34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шаардык жарандык коргонуу комиссиясы шамалдын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүүдө.