Ажылыкты уюштуруу иштерине карата авиакомпаниялар үчүн сынак эртеңкиге жылды

Ажылыкты уюштуруу иштерине карата авиакомпаниялар үчүн сынак эртең, 9-апрелде өтөт. 2014-жылкы ажылыкты уюштуруу иштерине карата жарыяланган сынакка бир гана авиакомпания документтерин толугу менен тапшырып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылкы ажылыкты уюштуруу иштерине атайын авиакомпаниялар үчүн 14-мартта сынак жарыяланган. Кечээ, 7-апрелде жалгыз гана компания документтерин толугу менен тапшырган. Калган катталган 5 авиакомпания керектүү документтерин толук жөнөтүшкөн эмес.

Сынакка катышкан мамлекеттик органдардан келген өкүлдөр муфтиятта түзүлгөн комиссия менен кеңешип, сынакты 9-апрелге жылдырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан