Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Өлбөс баатырлар” аттуу көргөзмө өтүүдө. Иш-чара Аксы жана Апрель окуяларына арналып, анда белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун аталган окуяларды чагылдырган 97 эмгеги коюлган. Асан Турсункулов: “Көргөзмөдө эркиндиктин өзөгүн коргоп тарыхый из калтырган жөнөкөй жарандардын эрдигин даңазалагым келди. Баатырлардын эмгеги текке кетпесин жана мындай каргаша экинчи кайталанбаса деп тилейм”,- деп билдирди.
Көргөзмө 16-апрелге чейин уланат.