“Чүй облусунда спорттук залдардын камсыздандырылган көрсөткүчү 48 пайызды түзөт”,- деп билдирди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 8-апрелдеги жыйынында.
Анын айтымында, спорттук объектилердин 37 пайызы канааттандырарлык эмес абалда. Ал эми спорттук мектептердин 70 пайызында спорттук шаймандар 15-20 жылдан бери жаңылана элек. Андан тышкары спорт ишмери облус аймагында 77 спорттук объектинин оңдоп-түзөөгө муктаж экендигине токтолду. “Спорттук залдардын бүгүнкү күндөгү абалы эл аралык стандартка жооп бербейт. Ошол себептүү Дүйнө жана Азия чемпиондугун кабыл алуу мүмкүн эмес”,- дейт ал.
Ал кошумчалап өткөндөй, 2013-жылы бул аймакта спорт жана дене тарбия жаатын өнүктүрүүгө 7,6 миллион сом бөлүнгөн.