Жалал-Абад облусунун бардык райондорунда жана шаарларында Элдик революциянын 4 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Апрель революциясында курман болгон баатырлар окуган мектептерде жана жалпы эле облус аймагындагы мектептерде тематикалык ачык сабактар, жер-жерлерде Апрель баатырларынын элесине арналган спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга материалдык колдоолор көрсөтүлдү.