10-апрелде Бишкектин М.Горький атындагы сейил багында өтүүчү митингде тополоң болтурбоо үчүн Курулуш колледжинин студенттери аталган сейил бактагы таштарды чогултуп жатышат. 30га чукул студент жана “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери митинг болчу жерди тазалашууда. Атайын техника колдонулууда.
Активист студенттердин бири таштарды чогултуу иштерин боло турган митинг менен байланыштырса, “Түндүк электр” кызматкеринин пикири ага карама-каршы келүүдө. "Түндүк электрдин" өкүлдөрүнүн айтымында, сейил бактын жанында кабель өткөрүү иштери жүрүп жатат. Ошондуктан студенттер жардамга чакырылган.