Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 8-апрелде Чүй облусунда билим берүү, маданият, кыргыз тили, дин, спорт жана башка тармактардын абалы боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Тийиштүү министрлик, мекеме, кызматтардын жетекчилери баяндамаларды жасашты.
Депутат Каныбек Осмоналиев жыйынга Каржы министрлигинин өкүлү катышпаганына нааразычылык билдирди, анткени жолугушууда берилген суроолордун көпчүлүгү аталган министрликтин жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине байланыштуу болуп, жоопсуз калганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Республикалык бюджеттин эсебинен мектептердин курулушу жана оңдолуп-түзөлүшүнүн токтоп калгандыгына байланыштуу суроолордун көптүгүнөн К.Осмоналиев тиешелүү органдарга атайын тапшырма берди.