“Улуттук оппозициялык кыймыл атамбаевдик бийликтин качкын президент К.Бакиевдин кандуу жолуна түшүп, өлкөдө адам укугун тебелеп-тепсеген иш-аракетин кескин түрдө айыптайт. Митингге келген күнөөсүз адамдарды мыйзамсыз камап, жалган фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо күч түзүмдөрүнүн жетекчилери уюштурган саясий чагымчылык болуп саналат.
Улуттук оппозициялык кыймыл карапайым калктын укугун тебелеген ИИМдин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору М.Турганбаев менен Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, генерал-майор З.Сабаевдин мыйзам алдында жооп беришин жана жасаган кылмыштары үчүн кылмыш жообуна тартылышын талап кылат. Талаптар аткарылбаса, Улуттук оппозициялык кыймыл мыйзам чегинде жер-жерлерде ар кандай каршылык акцияларын уюштурарын эскертет.
Бийликтин тынч элге жана оппозициялык лидерлерге карата саясий куугунтугу элим, жерим деген азаматтардын күчтүү духун өчүрүп, эркин сындыра албайт!”- деп жазылат билдирүүдө.