Өзбекстан. Бийлик өлкөдө өзгөчө кырдаал катталса, телерадиокомпаниялардагы жабдууларды жардырууга милдеттенме берди    

Өзбекстандын бийлиги өзгөчө кырдаал же өлкөнүн ички иштерине куралдуу күчтөр менен кийлигишүүсү боло турган болсо, өлкө ичиндеги теле жана радиокомпаниялардагы жабдууларды жардырууга милдеттенме берди. Бул тууралуу кечээ, 26-апрелде “Радио Свободы” радиосу Ташкенттеги кесиптештерине шилтеме берүү менен билдирди.   

Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстандын өкмөтү телеканалдардын жана радиостанциялардын дирекцияларына биринчи иретте кайсы жабдыктар жарылары тууралуу тизмени жөнөттү. Өзүн өзү жок кылуу системи 14-майга чейин толугу менен орнотулушу керек. Ага кирүүгө мүмкүнчүлүк бир нече адамга берилет жана Улуттук коопсуздук кызматы аркылуу көзөмөлдөнөт. Бийликтин министрлер кабинети Украинанын чыгышындагы демонстранттардын радиоберүүчү станцияларды басып алып жаткандарынан улам ушундай кадамга барууда. Бул милдеттер, эң биринчиден, телекөрүүчүлөр жана радио угармандарга сигнал берүүчү трансмиттерлерге тиешелүү. 

Ошондой эле Өзбекстандын ар бир ММКсынын күзөтүнө ИИМдин экиден кызматкери бекитилет. Ал эми журналисттердин чет өлкөгө чыгуу процесси татаалдандырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
7.patriot
2014-04-26 15:36:04
Элибизди сызга олтургузуп жаткан АШАны силер шайлагансыгар, эми аны, муну айтасынар.
-1
Kykesh
2014-04-26 16:18:14
Мырзакматов керек бизге,реальный мужик
+13
No_comment.
2014-04-26 16:27:59
Каримовтун да куну бутуп баратат. Дуйнодо менмин дегендер, Каримовтон алда канча кыйындарды элдер антарып, керек болсо кочодо иттей атып таштап жатат. Каримов корккончолук озбекстенда чон куч бар. Дуйнодо бириненин артынан бири кулатылып жатат. Балким кийинки очирит Каримовтодур, аны убакыт корсотот.
+4
asha302
2014-04-26 17:25:07
Каримовду укмуш деп атасынар Анан не 25 жыл башкарып козго коруноорлук эчтеке кылган Жок? Каримов башка олколор менен суйлошконду билбейт!
+2
aikol87
2014-04-26 18:31:44
Каримовдой президент болгондо Кыргызстан мындан да жаман акывалда болмок. Бизге Мелис Мырзакматовдой адам керек.
+3
Somalimogadishu
2014-04-26 20:38:31
АШАга рахмат деп эле жашай берсенер
+2
kara_kulzha
2014-04-26 23:52:20
Somalimogadishu, кызыксынго МАНАСТЫ сатканы жатса ага биз рахмат айталыбы
+4
Abdyrawit
2014-04-28 02:55:51
Somalimogadishu,
Аа оло рахмат дедик.
Светти 2- сомго чыгарабыз дегенден бери...
0
Manap_kg
2014-04-26 21:03:08
Кыргызда жакшы макал бар эшегине жараша тушагы элине жараша ханы деген ким кандай чечмелеп тушунот
+1
ACAH_AKA
2014-04-26 21:04:35
Озбекстанга барып элдерине айтсан
Э каримов дечи деп.Олсо да айтпай хажоомыз дейт.Ушундан эле билип ал кандай адам экенин
0
meka
2014-04-26 22:23:47
Каримовдой президенттен Аллах озу сактасын! Мусулмандарга каршы, намаз окууга уруксаат жок, даават кылууга болбойт. Азыр Озбекстанда мусулмандар учун ото кыйын. биз шугур кылып жашайлы.
+1
talant87
2014-04-26 22:49:53
мусуландарга озу эч нерсе жакпайт. мусулмандарда ыйман бар ынсап жок. капырларда ынсап бар ыйман жок.
+3
Bekish-kg
2014-04-27 02:17:11
чек араны бекемдегилее.тактагылаа.армияны кучоткулоооооооооо!!!!эртеге 3чу дуйнолук согуш башталса таланып калабыыыз.бийликтегилер сураныч башынарды кичине болсода иштеткилеее!!!!!!!!!!!!
+1
Dadasdasd
2014-04-27 11:20:55
Коңшулардай кор болуп миң жыл жашагандан. Биздегидей эркин бир күн жашаган артык.
+1
kaniet
2014-04-27 11:56:59
Эгерим эле Озбекстанда бир чуу чыкса анда телеканал эле эмес ОЗбекстан озу дунунон жарылат.ОШон учун тынч эле жашай беришсин.
+1
kamyr26
2014-04-27 16:52:50
Каримов туура кылат, элинин мунозун билет ошого жараша иш кылат.
+1
yasmina_kg
2014-04-28 09:25:11
Каримов жаман деп ,озбектер айтсынчы,ал соз тийишту жерге жетсе,уй булосу менен дайынсыз жоголот экен .Сталин заманындай дешет.Алардын карапайым элдин жашоосу,биздикинен жаман.Бул создорду озбектердин озунон укам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан