Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин 90 жылдык мааракесине карата эстеликтин ачылыш аземи Жалал-Абадда 9-майда болду. Анда Т.Тайгараевдин 90 жылдык мааракесинин атайын төш белгиси менен өкмөттүк аппараттын мурунку жетекчиси Төрөгул Беков сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда “Республика” фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бековго төш белги Т.Тайгараевдин үй-музейин жана эстелигин курууга кошкон салымы үчүн берилиптир.