Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргызстандагы Гандбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда депутаттын жардамчысы билдирди.
Айтымында, федерациянын уюмдаштыруучу жыйынына аталган спорттун профессионал машыктыруучулары катышып, депутатка ишеним көрсөтүшкөн. Сабиров көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылык билдирип, гандболду кайра жандандырууга болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Максат Сабиров
Туулган жылы - 1967-жыл, 17-октябрь
Туулган жери - Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы
Билими – Жогорку. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданият-агартуу факультетин, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин, 2013-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Акыркы жылдары ээлеген кызматтары:
2008-2010-жылдары Экономика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, Жогорку Кеңештин Эл аралык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, 2013-жылдын сентябрынан баштап "Республика" фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары.